120 жыл соккон жүрөк

120 жыл соккон жүрөк
17-Фев. 2018, Ишемби, 12:23

120 жыл соккон жүрөк – япондордун көкүрөгүндө. Адамдын өмүр сүрү убактысын байланыштуу жарыяланган статистикалык маалыматтарга таянсак, дүйнөдөгү эң узак өмүр сүргөн адамдар Япониянын Окинава аралындажашашат экен. Мындагы карыялар орточо эсеп менен 120 жашка чейин өмүр сүрүшөт. Ошондой эле, 140 жашка келип дүйнөдөн өткөндөр да бар. Кызыгы, бул аймактагы жашы 100ден ашкандардын көпчүлүк 90 пайызы аялдар экен.

Бир кылымдан ашык жүрөктүн согушунун көптөгөн себеби бар. Бирок, бул япон аралына гана тешелүү табигый өзгөчөлүктөр. Окумуштуулар бул тууралуу түрдүү божомолдорду келтиришет. Суу – тирүүчүлүктүн көзү. Бул аймактагы күндө ичилүүчү кара суунун өзу адам организмине пайдалуу витаминдер менен толукталган. Коралл минералына бай суу ден соолукту калыпка келтирип, түрдүү оорулардан сактайт.


Ошону менен катар, узак жашоонун дагы бир себеби – деңиз тамактары. Балырлардан даярданган тамактарды япондуктар жакшы көрүп жешет. Түрдүү ыкма менен даярдалган деңиз жандыктарын, балыктарын колдонгон калк ушундай жашка чейин жашап жатышат. Япон тилинде окинавалык тургундар көп колдонгон «кусуимун» деген диалект сөз бар. Анын мааниси – «медициналык тамак». Тактап айтканда, алардын баардык тамактары ден соолукка пайдалуу.

«70 жаш – бала чагың, 80 жаш – жаштыгың, 90 жашта аталар сени өздөрүнө чакыра башташат. Ал эми сен 100 жашка чыкканча аларды күттүрө тур. 100дөн ашкандан кийин, алардын катарына кошуларыңды сез дагы, акырындап сен да даярдан» деген кеп япондордун арасында көп айтылат. Бул сөздөр аларда уранга айланган деп да айтса болот. Анткени, алар бул сөздөрдү мыйзам катары көрүп, аны аткарууга тырышышат. Биздин коомдогу 40 менен 80 жаштагы адамды салыштырсак, арасындагы айырмачылык асман менен жердей. Ал эми дал ушул жаштагы эки окинавалыкты салыштырып карасак, экөөнүн тең арасында бир аз гана айырмачылык байкалат. Алардын акыл оюу менен физикалык күч-кубаты бирдей деңгээлде.

Япон коомунда «сулуу картая билүү» деген түшүнүк калыпташкандын аркасында алар узак өмүр сүрүшөт. Салабаттуу жашоо салтын катуу кармаган, ден соолукту каарылыкка алдырышпайт. Ушунун аркасында япондор өздөрүнүн салтуу өмүр сүрүү салты менен дүйнөнү таң калтырып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!