Илон Масктын ийгилик сыры

Илон Масктын ийгилик сыры
6-Март 2018, Шейшемби, 11:33

“SpaceX” жана “Tesla” компанияларынын ээси Илон Маск жумуш күнүн беш мүнөттүк үзүлүштөргө бөлүп, электрондук почтаны карап чыгууга убакыт бөлүүгө тырышпайт. Бул тууралуу “The Independent” кабарлады.

Масктын негизги эрежеси – убакытты бошко өткөрбөө. Бул ага эки ири компанияны башкарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, анын айтуусу боюнча, ал телефон коңгуроолорунун көпчүлүгүнө жооп бербейт, керек болсо электрондук почтасын да көп карабайт.

Ошону менен бирге, Маск пайда болгон кыйынчылыктарын бир убакытта аз-аздан чечүүгө тырышат. Анын үстүнө ар кайсысына беш мүнөттөн ашык убакыт бөлбөйт. Журналисттердин пикири боюнча, миллиардер тамактануу убактысына дагы беш гана мүнөт ажырата алат. Өзгөчө тамактанууну маанилүү кездешүүлөр менен бириктиргенди туура көрөт. Уйку тууралуу айта кетсек, Маск күнүнө алты гана саат уктайт.

Жумасына иштин узактыгы 85тен 100 саатка чейин созулат. Ошону менен катар, жумуш убактысынын болжол менен 80 пайызы инженерлик долбоорлого жумшалат. Илон Масктын акыркы жоболорунун бири – дүйнөлүк бекер интернет системасын ишке кошуу. Ал үчүн Жер орбитасына 12 миң жер спутнигин учуруу пландалууда. Алгачкы экөө “Falcon 9” ракетасы аркылуу 22-февраль күнү учурулган эле.

“Forbes” журналы боюнча Илон Масктын байлыгы 2017-жылы 21 млрд долларга бааланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!