Эмнеге тез чарчайбыз?

Эмнеге тез чарчайбыз?
23-Март 2018, Жума, 10:16

Уйкунун канбай жатышы - күндө чарчап жүрүүбүздүн жалгыз себеби эмес. Адистер адамдардын чарчап жүрүүсүнүн башкы себептерин аныкташты. Алар:

1. Чарчаңкы абалда машыгуудан баш тартуу

Көптөгөн адамдар машыгуу залына барбасам, күч-кубатымды үнөмдөймүн деп ойлошот. Бирок бул катачылык. Тескерисинче, спорт күч-кубат тартуулайт. Изилдөө натыйжасы боюнча, көп отурган адамдар спорт менен 6 жума алектенгенден кийин аларда кошумча кубат пайда болгон. Жумасына 3 күн 20 мүнөт машыгуу жетиштүү болот. Физикалык машыгуулар күч менен чыдамдуулукту артырып, жүрөктүн кызматын жакшыртып, организмдин кычкылтек менен азык заттарды жакшыраак сиңирүүгө жардам берет. Ошондуктан эгер бүгүн машыгуу залына барууга убактыңыз болбосо, анда сыртка чыгып сейилдеп келиңиз.

2. Суунун жетишпестиги

Техас диетологу Эми Гудсон организмдеги суунун өлчөмү нормадан 2 пайызга азайып кетсе, күч кубатыңыз төмөндөйт деген жыйынтыкка келди.
Организмге суу жетишпесе, кан өлчөмү азайып, коюланат.
Жүрөк кан айлануу кызматынын токтотпоо үчүн көбүрөөк кубатты талап кылат.

3. Темирдин жетишпестиги

Организмге темир жетишпесе өзүңүздү жай, ачуулуу, алсыз сезесиз. Муну жана кан аздыкты алдын алуу үчүн буурчак, жашылча-жемиштер жана жер жаңгак майы сыяктуу тамактар менен тамактанууңуз керек.

4.Эртең мененки тамакты ичпегендик

Тамак – организмдин күйүүчү майы.
Биз уктап жаткан кезде организмибиз күнүнө алган күчтү кан айлануу менен кычкылтекти калыбында кармоо үчүн пайдаланат. Ошондуктан эртең менен тамактанып жүрүңүз. Эртең менен сулуу булакмыгын, жер жаңгак майын, кара нан же айран жесеңиз болот.

5. Фастфуд

Курамында кант, гликемиялык индекси жогору кычкылдары көп тамактар кандагы кантты көбөйтүп жиберет. Дароо канда канттын көбөйүп кетиши адамды чарчатат. Ошондуктан дандан жана өсүмдүктөн жасалган тамакты жеп, кантты тең салмакта кармоого аракет кылыңыз.

6. Кофеге ишенүү

Эртең менен кофе ичүүнүн эч кандай зыяны жок. Керек болсо күндө 3 жолу кофе ичсеңиз болот. Бирок кофеинди өлчөмүнөн ашыкча ичүү уйку нормасын бузарын эске алыңыз. Аденозин – бизге уктоого жардам берген активдүү клеткаларды пайда кылат. Ал эми кофеин аденозинге тоскоолдук жаратат. Ошондуктан кофени эң эле кеч дегенде түштө ичсеңиз болот.

7. Дем алыш күндөрү көп уктоо

Ишенби күнү түнгө чейин отуруп, жекшемби күнү түшкө чейин уктасаңыз, кечинде эрте жата албайсыз. Ал эми бул дүйшөмбү күнү эрте турууда кыйынчылык жаратат. Эгер белгилүү бир учур менен ишенби күнү эрте жата албасаңыз, жекшенби күнү эрте турууга аракет кылыңыз. Түштө жарым саат уктап алыңыз. 20 мүнөттүк күндүзгү уйку терең уйкуга кетпей, уйкуну кандырып, эс алууга жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!