Ильяз Андаш “Маданияттын мыкты кызматкери” болду

Ильяз Андаш “Маданияттын мыкты кызматкери” болду
28-Март 2018, Шаршемби, 22:16

Кыргыз эстрада ырчысы Ильяз Андаш “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, ырчы наам алууда үч ирет документ тапшырган. Акыры эмгеги бааланып сыйлыкка ээ болгон.

Акыркы убакта кыргыз эстрада айдыңында жаш ырчылардын наам алганы көбөйдү десек болот. Ильяз Андаштын наамы канчалык деңгээлде татыктуу аны коомчулукка таразалап алат дээр элек.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!