​Ильяз Абдыразаков кыздуу болду

​Ильяз Абдыразаков кыздуу болду
4-Апр. 2018, Шаршемби, 22:50

Бүгүн, 4-апрелде кыргыз эстрада ырчысы, обончу Ильяз Абдыразаков кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн таң эрте Бишкектеги төрөт үйүндө келинчеги көз жарган.

«Кызым 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлдү. Наристебиз төрөлө электе эле 2-3 ысым тандап койгонбуз. Азырынча бирөөсүнө токтоло элекпиз",-деди ырчы. Ал эми соцтармактын колдонуучулары бул кабарды жылуу кабыл алышып, бир катар билдирүүлөрдү калтырып жатышат.

Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаковдун Розан жана Арлан деген уулдары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!