​Нурлан Насип Асел Кадырбековага сөйкө салды

​Нурлан Насип Асел Кадырбековага сөйкө салды
9-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 16:16

Кечээ, 8-апрелде эстрада ырчысы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага сөйкө салды. Бул тууралуу ырчылар соцтармактагы баракчаларына сүрөттөрү менен жарыялашты.

Алардын айтымына караганда, эки тараптын ата-энелери жана бир туугандары жолугуп, Аселге сөйкө салып, үйлөнүү той тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Азырынча тойдун качан болоорун маалымдашкан эмес.

Ал эми соцтармактын колдонуучулары эки жашка, бакыт, тунук махабат каалап жатышат.

Буга чейин белгилүү болгондой, Нурлан Насип Асел Кадырбекованын туулган күнүндө шакек таккан. Бул күндөн бери эки жаштын сүйүүсү талкууга түшүп келе жатат десек болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!