"Despacito” ырын “YouTube”тан ким өчүрдү?

11-Апр. 2018, Шаршемби, 15:50

Пуэрто-рикалык ырчылар Луис Фонси жана Дэдди Янкинин "Despacito” клибин хакерлер видео-хостингден алып ташташты. Видео “YouTube”тун рекордун жарып чыгып көптөгөн көрөрмандарды жыйнаган.

"Prosox and Kuroi'sh” деп өздөрүн аташкан Палестиналык хакерлер тобу “YouTube”дагы бир нече “Vevo” каналдарын чабуул жасаган. Ага байланыштуу Лесу Фонси менен Дэдди Янкинин “Despacito” ыры да өчүрүлгөн. Бул тууралу “TSN” маалымат булагы билдирет.

Бул клип “YouTube” каналынан 5 миллиондон ашык көрөрман топтоп рекорд койгон.

Мындан сырткары, Шакира, Тейлор Свифт, Селена Гомес жана рэпер Дрейктин ырлары да өчкөн.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!