Жамал Сейдакматовага сыйлык тапшырылат

Жамал Сейдакматовага сыйлык тапшырылат
12-Апр. 2018, Бейшемби, 22:53

“Ак илбирс” сыйлыгында Сейдакматовага сыйлык тапшырылат

“Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу салтанатында белгилүү актриса, КР Эл артисти Жамал Сейдакматовага "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жамал Сейдакматова "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" баш болгон бир канча тасмаларга тартылып, канчалаган спектаклдерде роль жараткан. 1957-жылдан тартып чыгармачылыкта жүргөн актриса учурда "Туңгуч" театрын жетектейт.

Эскерте кетсек, 27-апрель күнү “Манас” кинотеатрында “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгы өтөт. Буга чейин калыстар тобу тасмаларды 12 наам боюнча бөлүп чыгышкан. Жеңүүчүлөр ошол дата күнү белгилүү болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!