Пулитцер сыйлыгына биринчи жолу репер ээ болду

Пулитцер сыйлыгына биринчи жолу репер ээ болду
17-Апр. 2018, Шейшемби, 15:51

Рэп аткаруучу Кендрик Ламар музыка багыты боюнча Пулитцер премиясын алды. Мындай сыйлыкка ал былтыр чыккан “DAMN” деп аталган альбому үчүн ээ болду. Бул мурда кийин болбогон окуя.

Адатта жогорку сыйлык джаз же классикалык багыттагы ырларга жана музыкаларга гана ыйгарылып келген. Альбомго "заманбап афро-америкалык жашоонун болгон кыйындыгын ачып берген жана ритмдик динамизм менен айырмаланган ырлар жыйынтыгы" деген мүнөздөмө берилген.

Эскерте кетсек, Ламардын “DAMN” деп аталган альбому "Грэмми" премиясына мыкты альбом катарында сунушталып “Мыкты рэп-альбом" атагын жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!