«Гарри Поттер» фильминин актеру көз жумду

«Гарри Поттер» фильминин актеру көз жумду
23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 15:07

21-апрель күнү АКШда сыйкырчы бала Гарри Поттер тууралуу фильмде ойногон актер, каскадер Верн Тройер кайтыш болду. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты билдирет.

Ал Лос-Анджелестеги ооруканада кайтыш болду. Апрель айнын башында ал алкоголдон уланып ооруканага түшкөн. Актер узак жылдар бою ичимдик менен күрөшүп келген.

Ал жашоого генетикалык жетишпестик менен келген: бою 81 сантиметр гана болгон. Ага «Остин Пауерс» фильми дүйнөлүк атактуулук алып келди. Ошондой эле, ал «Гарри Поттер жана философиялык таш» фильми, «Сабрина – маленькая ведьма» аттуу сериал аркылуу белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!