Анджелина Джоли Брэдди кызганып эсин жоготту

Анджелина Джоли Брэдди кызганып эсин жоготту
24-Апр. 2018, Шейшемби, 14:01

Голливуд жылдызы Анджелина Джоли мурунку күйөөсү Брэд Питтин жаңы сүйүктүүсү менен болгон мамилесин кызганып ачууга алдырды. Бул тууралуу “Hollywood Gossip” басылмасы кабарлайт.

Америкалык басылманын маалыматы боюнча, Джоли «өзүнөн акылдуу жана сулуу адамдарды жактырбайт» экен.

«Энджи – өтө кызганчаак жана атаандаштыкка бекем. Ал жаңы мамиледе экөөнөн биринчи болгусу келет», – делинет билдирүүдө.

Джоли Брэд Питтин жаңы сүйүктүүсү пайда болгонун билгенден кийин катуу ачууланган.

«Ал катуу ачууланып, талып жыгылып калган. Болжол менен бир мүнөттөй ызага буулукту да, эсин жоготуп жатып калды», – дейт актрисанын тааныштары.

Айта кетсек, Брэд Питтин жаңы сүйүктүсү – 42 жаштагы Нери Оксман. Ал – Массачусетс технология институтунда архитектура тармагынын профессору, дизайнер жана сүрөтчү.

Питт менен Оксмандын кездешүүсүнө себеп болгон – архитектура тармагы менен, дизайн менен өнөргө деген кызыгуучулук. Азыркы убакта алар экологиялык үйлөргө байланыштуу иштин үстүндө кызматташып келишүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!