Николас Кейдж киного тартылбай турган болду

Николас Кейдж киного тартылбай турган болду
25-Апр. 2018, Шаршемби, 13:58

54 жаштагы америкалык актер, режиссер жана продюсер Николас Кейдж акыркы жети жылда 150 миллиондук кирешесине өзгөчө нерселерди сатып алууга жумшаган. Эми мынтип киного тартылбай тургандыгын жар салды. Ал өзүн бүтүндөй режисерлукка арнай тургандыгын билдирди. Кейдждин айтуусу боюнча, ал төрт жылдан кийин актердук кесибин таштайт.

"Азыр биринчи кезекте актерлук кесипти аркалайм. Жана аны менен келерки төрт жыл алектенип, андан кийин режиссерлукка атанам", – деди Кейдж.

“IMDb” маалыматы боюнча, азыркы убакта актер ар түрдүү проектердин үстүндө иш алып барууда. Анын ичинде төрт боевик фильм жана эки мультфильмдин добушун коштомокчу. Алардын биринде ал өзүнүн мурунку кыялы болгон Супермендин ролун аткарат.

Эскерте кетсек, актердун акыркы сиквелдеринин бири "Семейки Крудс" – фильми, ал 2020-жылы чоң экрандарда жарык көрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!