Майкл Джексондун бут кийими аукционго коюлду

Майкл Джексондун бут кийими аукционго коюлду
26-Апр. 2018, Бейшемби, 12:58

Америкада Майкл Джексондун туфлиси аукциондо сатылат. Бул тууралуу “Сегодня” маалымат булагы маалымдайт.

Булгаарыдан жасалган балет туфлилеринин баштапкы баасы беш миң доллардан башталат. Ырчы бул туфлини балет даярдыгы учурунда кийип, андан кийин балетмейстерине берген. Бул тууралуу балетмейстер аукционду уюштуруучуларына түшүндүрмөсүндө жазган. Аукцион май айында өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!