Кончита Вурст образынан баш тартты

Кончита Вурст образынан баш тартты
27-Апр. 2018, Жума, 12:17

Ырчы Том Нойвирт мындан ары эркек сыяктуу көрүнүп, көйнөктөрдөн баш тарткандыгын билдирди.

Австралиялык ырчы Том Нойвирт аялдын альтер-эго образынан баш тартты. Мындан ары ал эркек бойдон жүрөт. Бул тууралуу ал “The Independent” журналына берген маегинде билдирди.

Журналист Нойвиртен эмнеге акыркы учурларда көйнөк кийбей калдын деген суроосуна имиджин өзгөрткөндүгүн айтты.

"Мен эмне кылгым келсе кылам, каалагандай кийинем, азыркы учурда мен эркек сыяктуу күчтүү болгум келет", - деп билдирди.

Мындан сырткары, көчөдөн аны эч икм тааныбагыдай “жөнөкөй Томго” айланарын маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!