Эң кымбат төлөнгөн “Instagram” жылдыздары аталды

Эң кымбат төлөнгөн “Instagram”  жылдыздары аталды
27-Июль 2018, Жума, 17:15

“Hopper HQ” сервиси эң жогору төлөнгөн жылдыздардын “Instagram Rich List 2018” рейтингин жарыялады.

Тизменин сап башында америкалык модель Кайли Дженнер турат. Бир жарнаманы “Instagram”дагы баракчасына жайгаштыргандыгы үчүн ал миллион доллар алат.

Экинчи орунда ырчы Селена Гомес жайгашкан. Анын аккаунтундагы бир жарнаманын баасы 800 миң долларды түзөт.

Үчүнчү орун португалиялык футболчу Криштиану Роналду 750 миң долларга жарнамалайт.

Мындан сырткары ТОП-10ка фотомодель Ким Кардашьян (720 миң доллар), ырчы Бейонсе (700 миң доллар), рестлер жана актер Дуэйн Джонсон (650 миң доллар), ырчы Джастин Бибер (630 миң доллар), ошондой эле, футболчу Неймар (600 миң доллар) жана Лионель Месси (500 миң доллар) алышат.

"Hopper HQ” түзгөн рейтинг социалдык желелердеги белгилүү бренддердин жарнамага кетирген чыгымдары тууралуу ачык даректерге таянып чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!