Баястан сүйүктүүсү Зульфияга баш кошту (фото)

Баястан сүйүктүүсү Зульфияга баш кошту (фото)
11-Авг. 2018, Ишемби, 15:05

Бүгүн, 11-августта борбордогу тойканалардын биринде белгилүү кыргыз рэпери Баястан сүйүктүүсү Зульфияга баш кошту. Бул тууралуу Зульфия өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жарыялады.

Социалдык баракчасына киргизген сүрөттөрүндө Зульфия кыз узатуу тоюна дунган улуттук кийимин кийгенин көрсөк болот.

Ал эми ырчы Баястан айрым маалымат булактарына берген маегинде «Биз азыр даярдыктар менен жүрөбүз. Тоюбуз август айында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Буюрса, эсте каларлык кылып өткөрөлү деп жатабыз», — деп билдирген.

Айта кетсек, Баястан сүйүктүүсүнө 2017-жылдын 29-декабрында сөйкө салган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!