Актёр Джейсон Стэтхэм жакында үйлөнөт

Актёр Джейсон Стэтхэм жакында үйлөнөт
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:40

Джейсон Стетхэм жана Роузи Хантингтон-Уайтли жакында үйлөнүү тоюн өткөрөт. Чет элдик маалыматтарга караганда алар Жаңы жылдын алдында баш кошмокчу. Айта кетсек голивуддун белгилүү актёру Джейсон «Victoria's Secret» модели Роузиге үйлөнмөкчү.

Учурда алар алдыда боло турган үлпөт тойго кызуу даярданып жаткандыгын The Sun агенттиги кабарлады.

Джейсон Розиге “Трансформеров” аттуу киного тартылып жаткан учурда анын колун сураган. 2017-жылы эки жаш наристе күтүп жаткандыгы белгилүү болот. Рози кош бойлуу болгон үчүн үйлөнүү күнүн улам жылдырып келген.

Мурунку жылдын жайында Рози алгачкы ирет эне болот. Ал сүйүктүүсүнө Джек аттуу уул төрөп берет. Эми мынтип алар беш жылдык сыноодон соң, ушул кышта мыйзамдуу түрдө баш кошмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!