Нурзат Токтосунова :"Адамга көзү тирүүсүндө жылуу сөз арна"

Нурзат Токтосунова :
16-Авг. 2018, Бейшемби, 14:01

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова "Адамга көзү тирүүсүндө жылуу сөз арна",- деген флешмоб баштады. Бул тууралуу маалыматты ал өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына калтырды.

"Кыргыз ынтымакка келип, жөлөшүп-таяшып, өнүгүп кеткиси бардыр. Алгачкы биз дарегине жакшы сөз айтып, мактап кубаттай турчу адамдардын тизмесинен кимди көрүүнү каалаар элеңиз?"- деди Токтосунова.

Буга "Адам баласы сөзсүз түрдө чыгармачыл, элге таанымал адам болуусу шартпы? Чыгармачыл чөйрөдө жүрбөгөн адамдар жакшы сөзгө муктаж эмеспи?"-дешип интернет колдонуучулар тарабынан ар кандай сын пикирлер айтылууда. "Ошол элди макташ үчүн эл тааныш керек да"-деп жооп берди алып баруучу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!