Том Круз Гүлзат Мамытбектин чакыруусун четке кактыбы?

Том Круз Гүлзат Мамытбектин чакыруусун четке кактыбы?
17-Авг. 2018, Жума, 11:35

Өзүн “Кыргыздын деми” деген Гүлзат Мамытбек бир ай мурда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында “Мен Кыргызстанга август айында актер Том Крузду алып келем”,-деп билдирген.

“Мен август айында өлкөбүзгө голливуд актеру Том Крузду алып келем. Себеби Том экөөбүздүн оюбуз кыялыбыз бирдей. Кыргыз жана кыргыздын деми менен биздин планетада зомбулук, согуш, касташуу, сойкулук, көрө албастык жана оройлук болбойт. Эң башкысы баңгизат да болбойт",- деген Гүлзат.

Учурда интернет колдонуучулар, биринен-бири өтүп, “Гүлзат Мамытбек август айы келип, бүтүп баратат Том Крузду Кыргызстанга качан алып келесиз? Же ал сиздин чакырууңузду четке кактыбы?”,-деген суроолорун калтырууда. Бул суроого Гүлзат азырынча жооп бере элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!