“Backstreet Boys” группасынын концертинде арка кулады

“Backstreet Boys” группасынын концертинде арка кулады
22-Авг. 2018, Шаршемби, 10:56

Американын белгилүү поп “Backstreet Boys” группасынын концертинде арка кулап 14 адам жарадар болду. Аталган концерт Оклахома штатындагы Такервилль шаарында өтмөк.

Концерт кечки 17:30да башталмак. Аңгыча эле ылдамдыгы 70-80 км/саатка жеткен катуу шамал болуп, залдын кире бериш жериндеги арка кулаган. Окуядан соң 14 адам ооруканага жаткырылды. Алардын экөө учурда өз үйүндө. Бул тууралуу маалымат булактары кабарлады.

Ошентип, концерт бул окуядан сон башка күнгө жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!