Анжелика: "Кимден акча сурап жатыптырмын"

Анжелика:
23-Авг. 2018, Бейшемби, 16:17

Ырчы Анжелика Кайратовна жайдын аптаптуу күндөрүндө Европанын айрым шаарларын кыдырып, эс алып жүргөн убагы.

“Иштегенге да, эс алганга да кантип жетишип жатат?”,-деген интернет колдонуучулар социалдык тармактарда ырчыны катуу талкууга алышты. Айрым интернет колдонуучулар "Ушинтип элден акча сурап чогултуп алып, эс албай эле койбойсуңбу?" деп да чыгышты. Мындай чектен тыш сүйлөгөн күйөрмандарына ырчы "Кимден акча сурап жатыптырмын, билбеген нерсени жазбай эле койсоңуз"-деп жооп берди.

Айта кетсек, ырчы буга чейин Түркиянын Анталья шаарына кыздары менен барып эс алып келген. Учурда белгилүү ырчы Европанын айрым шаарларында эс алып жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!