Эд Ширан жашыруун үйлөндү (видео)

Эд Ширан жашыруун үйлөндү (видео)
4-Сен. 2018, Шейшемби, 10:11

Көптөгөн музыканын автору, британиялык музыкант, ырчы Эд Ширан жашыруун үйлөндү. Ал өзүнүн классташы Черри Сиборнго баш кошкону белгилүү болду. Бул тууралуу ырчы “Access” маалымат агенттигине интервью берген.

Алып баруучу Ширанга үйлөндүңүзбү, деп суроо узатканда. Эд жөн гана колундагы нике үзүгүн көрсөткөн. Сиз кантип коомчулукка айтпай эле үйлөнүп алдыңыз, деп суроо узатканда. Ширан алып баруучуга: “Мен негизиле көп нерселерди коомго жарыя кыла бербейм”,- деп жооп берет.

Эскерте кетсек, Эд Ширандын ырларын тарыхта мыкты ырлардын катарына киргендигин айтып келишет. Британиялык “Smooth Radio” радиосунун изилдөөсү боюнча, Эд Ширандын “Perfect” аттуу ыры биринчи орунду ээлеген . Ал эми мурда Джордж Майклдын “Careless Whisper” аттуу ыры алдыңкы саптан түшпөй келген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!