Айтбекова: Чыныгы эркек аялынан башканы сүйбөйт

Айтбекова: Чыныгы эркек аялынан башканы сүйбөйт
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 11:38

Теле алып баруучу Назира Айтбекова “Чыныгы эркек, аялынан бөлөк башканы сүйбөйт, көрбөйт”,-деп өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасы аркылуу эркектерге кайрылуу жасады.

“Аялдын чын дили менен калп айтпай, сөз жасабай, болгон дүйнөсү менен сүйгөн жалгыз эркеги уулу болсо керек, ээ? "Чыныгы үй бүлөсүн бийик тутат. Аялынан бөлөк башканы сүйбөйт, көрбөйт. Үй бүлөсү биринчи орунда" деген эркектерди көрдүм. Аялына эзели бербеген гүлүн көтөрүп, ага арнабаган жылуу сөзүн башкага арнап, чарк айланып турганын көрүп, эзели эрге тийгиң келбей калат экен. Бир нече үй бүлөлүк жылдан кийин махабатыңдын май талканы чыгып, бириңе бириң бир тууган катары карап, ысыгың тарап, балдар үчүн деп жашап, эл көзүнө эле ымаланы ысытып, "үлгүлүү үй бүлөнүн" жарнамасын жасап, жалгыз калганда ит - мышык болуп, көңүлүңдү оорутуп, түртүшүп - тартышып, анан барып көңүлдөш тапкан үй бүлө керекпи? Балким бир нерсе түшүнбөй жаткандырмын. Балким, мен көрбөгөн баалуулук бардыр. Ким билсин бирок, бирин бири саткан, калп айтып, эки жүздүү болгон, эчак муздап калганды ысытуу үчүн далалат уруп, сезимдерди уйпалап, кордоп, өзүнүн да жубунун да бакытын байлаган үй бүлөнүн баалуулугун түшүнбөй жатам. Мага үмүт бергилечи? Караңгы түшүнүгүмө жылчык киргизгилечи? Башка эле терезеден баш багып атасың дегилечи? Өмүр бою бирөөнү эле сүйүп жашаса болот дегилечи? – деп жазды Айтбекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!