Мерген Турган: "Кошунанын кызын алып берем деп"

Мерген Турган:
22-Сен. 2018, Ишемби, 10:22

Белгилүү ырчы Мерген Турган “Атам жылкынын башына бантик байлап алып, кошунанын кызын сага алып берем деген”,- дейт ырчы. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКга берген маегинде билдирди.

“Аталык милдетинен кутула берейин деп ойлоду окшойт, бир күнү үйдөгү жылкынын башына бантик байлап алып жетелеп бара жатат. Артынан апам кубалап алыптыр. «Мерген, карма эле, карма атаңды. Кошунанын кызын сага алып берем деп, калыңына жылкыны жетелеп бара жатат»- деп кыйкырып алган. Мен жолун тоссом, «тур, жолумду тоспо, бул сенин ишиң эмес. Мен милдетимден кутула беришим керек. Силерди үйлөнткөнгө жашым жетеби, жетпейби ким билет? Калың берип кутула беришим керек»,-деди.

Анда мен жашмын. Атанын оюн, милдетин кайдан билмек элем? Анын бул кылыгы мага өөн учурады. Апам экөөлөп жатып баягы жылкыны алып калдык. Кийин үйлөнгөндө атамдын бул жоругун эстеп өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Бир чети атамды сагындым, жоктодум окшойт. Анын үстүнө калыңды, үйлөнүүгө кеткен чыгымды өзүм топтодум»,-деди Мерген Турган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!