"Тамашоучу" Калыбек Турдубаев уулдуу болду

14-Ноя. 2018, Шаршемби, 12:59

Белгилүү "Тамашоучу", "Универсал" командасынын капитаны, "Тамашоу" Лигасынын 8-сезонунун чемпиону Калыбек Турдубаев экинчи уулдуу болду.

Анын жубайы Урматжан Абдукапар кызы кечээ 13-ноябрда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде экинчи уулун көз жарды.

“Тамашоучу” Калыбек Турдубаев азырынча ымыркайга ысым кое электигин айтып, уулуна чоң атасы ат коерун айткан.

Калыбек Турдубаев менен келинчеги Урматжан Абдукапар кызы 2016-жылы сентябрда баш кошушкан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!