Казак ырчысы Анжеликаны клипке тартты (видео)

Казак ырчысы Анжеликаны клипке тартты (видео)
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 13:13

Ырчы Анжелика мурда өзүнүн ырларынын клиптерине башка актер, актрисаларды тартып келсе, эми ал казак боордошторубуздун ырчыларынын клибине чакыруу алып, сүйүшкөндөрдүн баш каарманына тартылды.

Учурда Казакстанда популярдуу болуп жаткан "Ringo" тобунун “Неге” деген ырына тартылганын Анжелика өзүнүн социалдык желедеги жеке баракчасына айтып чыкты.

Ал өзүнүн постуна: “Биринчи жолу клиптин каарманы болдум”, -деп жазды.

Анжеликанын күйөрмандары клипти жакшы кабыл алышып, "сулуулугуң, жаштыгың барда көп-көп кинолорго тартылышың керек" деген сыяктуу жылуу пикирлерин жазып калтырышууда.

Казак ырчыларынын Анжелика тартылган клиби:


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!