Димаш Кудайбергендин концертине 46 өлкөдөн көрүүчүлөр келишти

Димаш Кудайбергендин концертине 46 өлкөдөн көрүүчүлөр келишти
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 12:22

Казакстандын эң мыкты жаш ырчысы Димаш Кудайберген 19-ноябрда Лондондо жеке концертин берди.

Улуу Британиядагы Казакстандын маданият күнүнө карата берген Димаштын концертине анын күйөрмандары 45 өлкөдөн барышкан.2800 орундук залга эл жыкжыйма толуп, концерт аншлаг менен өттү.

Саат алтыда баштала турган концертке беш жарымда эле ырчынын күйөрмандары толуп, андан кол тамга алып калууга аракеттенишкен. Эки сааттык концерт жаңы декорация жана костюм менен коштолуп, жандуу үн менен ырдаган Димашка көрүүчүлөр ыраазы болуп кайтышты. Димаштын концертине келгендердин көпчүлүгү казак улутундагылар экенин көрүүгө болот.

Димаштын концертине анын чыгармачылык жаңылыктары менен анын атасы Канат Айтбаев маек берди:

“Биздин концерттин уюштуруусуна Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз, Улуу Британиядагы Казакстандын элчилиги да жардам берди.

Чынын айтсам биздин негизги деле планыбыз жок, искусство план менен чектелбеши керек. Биздин максат элди кубантуу, аларга жагымдуу маанай тартуулоо. Димашка Канада, Москва жана Түштүк Азиядан чакыруулар болуп жатат. Албетте, биздин казактардын ырын, искусствосун дүйнө билиши керек, ошондуктан биз чакырган жерлерге сөзсүз барабыз.

Бул Лондондо өткөн концертине Димаштын күйөрмандары келип казактын желектерин желбиретип турушту. Бул биз үчүн абдан чоң ийгилик, баарына терең ыраазыбыз”, - деди Канат Айтбаев.

Эскерте кетсек, Димаш Кудайберген “Славянский базар” сынагында 2015-жылы алдыңкы орунду алган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!