“Forbes” дүйнөнүн 10 жогорку акы төлөнүүчү ырчысын атады

“Forbes” дүйнөнүн 10 жогорку акы төлөнүүчү ырчысын атады
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 12:39

Американын “Forbes” журналы жыл сайынкы эң көп акы төлөнгөн ырчылардын рейтингин жарыялады.

Тизменин биринчи катарында америкалык аткаруучу Кэти Перри турат. Ал былтыр рейтингде тогузунчу катарга илинген эле. Бул жылы ал 83 миллион доллар тапкан.

Экинчи орунда Тейлор Свифт. 2018-жылы ал 80 миллион доллар алган.

Үчүнчү тепкичке былтыркы "чемпион" Бейонсе, 60 миллион доллары менен кирди. Бирок ал чыгармачылык үстүндө өтө активдүү иштеген жок деп айтылууда, себеби көпчүлүк убактысын балдарына арнаган.

Рейтингдин кийинки катарында Пинк 52 миллион доллар кирешеси менен ээ болду. Ал эми бешинчи орунда Леди Гага — өтүп бара жаткан жыл ага 50 миллион доллар тапканга мүмкүндүк берген.

Тизменин андан кийинки орундарында Дженнифер Лопес (47 миллион доллар), Рианна (37,5 миллион), Хелена Фишер жана Селин Дион.

Топ 10ду Бритни Спирс толуктады. Ал бул жылы 30 миллион доллар тапкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!