Ырчы Асель Кадырбекова кош бойлуулугун неге жашырууда?

Ырчы Асель Кадырбекова кош бойлуулугун неге жашырууда?
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 14:34

Ырчы Асель Кадырбекова менен Нурлан Насиптин үйлөнүү үлпөтү өткөндөн кийин экөөнүн жеке жашоосуна кызыккандар арбын.

Кыргызстандагы эң кымбат жана дүңгүрөгөн үйлөнүү үлпөттү өткөргөн ырчы Асель менен Нурландын түтүн булатып, чогуу жашагандарына көп деле убакыт боло элек.

Негизи эле кыргыз эстрадасында сын-пикир көп айтылган ырчылардын катарын Асель Кадырбекова да толуктайт. Бул ирет ырчынын кош бойлуулугу тууралуу ойлор көп айтылууда. Мындай пикирлерге Асель жооп бербей келет.

Инстаграм баракчасына акыркы жүктөгөн сүрөттөн Аселдин курсагынын чыгып калганын байкоого болот. Ырчынын бул жаңылыкты элден жашырып жаткандыгы көпчүлүктү таң калтырууда.

Ырчынын жубайы Нурлан Насип да бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Жаш үй-бүлөнүн күйөрмандары: “эмнеге жашырат, кош бойлуу экенин ачык эле айта беришпейби”, “көз тийбесин деп жатышат го”, “кимдин кандай иши бар, турмушка чыккандан кийин боюнда болот да” деген сыяктуу пикирлерин жазышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!