Күйөрманына кыжыры келген Алмаз Шаадаев аны каргап жиберди

Күйөрманына кыжыры келген Алмаз Шаадаев аны каргап жиберди
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 15:49

Ырчы Алмаз Шаадаев өзүнүн инстаграм баракчасына Москва шаарында түшкөн сүрөтүн жүктөп:

"Москванын эң ишенген жери"-деп жазган экен.

Алмаздын бул жазганы ошол жакта иштеген кыргыз мигранттарынын жинине тийдиби, анын постту катуу талкууга алынып, ырчынын дарегине терс ой-пикирлер айтыла баштады. Көпчүлүктүн ою боюнча Алмаз Шаадаев Москва шаарын кемсинтип, ал жакта иштеп жаткан мигранттарды басынткандай кабыл алды көрүнөт.

Ар тараптуу сын пикирлердин арасында окурмандардын бири:

"Чечендер сени союп салса экен" деп жазууга да жетишти. Ал эми ырчы өзү бул пикирге чыдабай кетти окшойт:

"Каргаганың как башыңа тийсин!" деп жооп кайтарды.

Кыргыздын шоу-бизнесиндеги ырчылардын инстаграм баракчасына койгон сүрөттөрү, жазган посттору ар дайым ушундай терс ой-пикирлерге толуп турат. Мындай сын-пикирлердин жемине Самара Каримова, Айгерим Расул кызы, Асель Кадырбекова жана башка ырчылар да кабылышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!