Ырчы Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын кайым айтышы

Ырчы Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын кайым айтышы
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 13:47

Бир кездерде “Кыз Бурак” тобунда чогуу иштеп, сахнада чогуу ырдаган Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылова экөөнүн акыркы кездерде мамилеси бузулуп жүргөнү коомчулукка маалым.

Ырчы Айжамал Кабылова жеке баракчасы аркылуу кимдир бирөөгө: "Бир кезде дос болуп жүрүп, душманга айланган инсанды кечээ көрүп аябай боорум ооруду. Бир убакта сүйлөгөн сөздөрүбүз айланып өзүбүзгө келээрин унутпайлы, кайтаар дүйнө бул"- деп жазды. Ырчынын бул жазганы кимге тийешелүү экени жазылган эмес.

Бирок көп убакыт өтпөй эле Кыз-Бурактын илгерки солисткасы, кыздардын жетекчиси болуп жүргөн Кенже Дүйшеева: "Өйдө карап түкүргөн түкүрүгүң өз көзүңө түшүп жатканын сез. Айткан тилектериң өз башыңа айланып жатканын туйгуң. Мумкүн кайтып келген кайтаар дүйнөң сенин. Кыздын кыялы төркүнгө маалым дегендей, сени тээ илгертен билем, сен илгери кийин досум да, душманым да эмессиң. Жөн гана окуп бүткөн китебимсиң!"-деп жазды.

Эки ырчы жазган постторун кимге карата жазганы айтылбаса да бири-бирине айтылганын дароо байкоого болот. Бул айтышуу тууралуу эки ырчы тең азырынча унчугуша элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!