Ырчы Айчүрөк Иманалиева: "Бандитти кармап алгандай мамиле кылдыңар го!"

Ырчы Айчүрөк Иманалиева:
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 14:16

Жакында интернетке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы Айчүрөк Иманалиев МАИ кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген видеосун чыгарган эле.

Кара түстөгү жеңил унаанын айдоочусу, терезелери караңгылатылганы үчүн артынан МАИ кызматкерлери кууп келип токтотушкан. Айдоочусу алгач токтогусу келбей атканын айткан МАИ кызматкерлери. Ал эми унаанын алдыңкы орундугунда ырчы Айчүрөк Иманалиеваны көрүүгө болот. МАИчилердин токто деген белгисине токтобогон унаанын артынан кууп, алдын тороп токтотушкан.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева: “Мени тартпагылачы! Эмне эле тартып атасыңар?! Бандиттерди кармап алгандай мамиле кылдыңар го!.. Силерге ийгилик, бирок адамкерчилигиңер такыр жок экен... Ошондуктан силер менен эл ушундай мамиле кылат да, жалдыраса да болбойсуңар, эми ак жол силерге!” деп айтканы да бар.

Бул видеодон Айчүрөк Иманалиеванын да, МАИ кызматкерлеринин да аракеттерин көрүүгө болот:

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!