​Кайрат Нуртас күйөрмандарына 1 млн. теңге берет

​Кайрат Нуртас күйөрмандарына 1 млн. теңге берет
8-Фев. 2018, Бейшемби, 17:13

Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас соцтармактын колдонуучулары арасында сынак жарыялап, жеңүүчүлөргө 1 млн. теңге бере турганын айтты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

“Урматтуу достор! Сынакка бардык каалоочулар катыша алышат. “Сүйгөн шаарым” аттуу темада өзүңүз жашаган шаарды видеого тартып жибериңиз. Эң мыкты деп тартылган видеолорго акчалай сыйлык каралаган.

1-орунга 500 миң теңге, 2-орунга 300 миң, 3-орунга 200 миң теңге сыйлык берилмекчи. Мындан тышкары iPhone 8 телефон дагы белеке ойнотулмакчы”,-деди ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!