Димаш Кытайдагы жаз майрамына чакырылды

Димаш Кытайдагы жаз майрамына чакырылды
15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:45

Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайберген Кытайдын көктөм гала-концертине өнөрүн тартуулайт. Аталган концерт түз эфир аркылуу телеканалдардан көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ырчы кытайлык Юань Явэй менен Лам Сяо аттуу ырчылар менен чогуу кытай тилиндеги чыгарманы ырдап чыгат.

Белгилүү болгондой, Димаштын кытайлык күйөрмандары өтө эле көп. Буга чейин ашынган күйөрмандары Димаш менен чогуу Казакстанга келген жайы бар. Ал тургай ырчынын сүрөтүн колдонушуп, бир катар компаниялар киреше таап жаткан учуру.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!