​Чоро Дубанаевге “Ала Тоо мырзасы” төш белгиси ыйгарылды

​Чоро Дубанаевге “Ала Тоо мырзасы” төш белгиси ыйгарылды
22-Фев. 2018, Бейшемби, 19:52

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын 3 актеру “Ала Тоо мырзасы” төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнүн урматына “Ала-Тоо айымы” коомдук фонду, аталган театрдын директору Назым Мендебаировго КРнын эл артисти Чоро Думанаевге, Театрдын “Өндүрүштүк камсыздоо бөлүмүнүн” башчысы Нурбек Жаанбаевге, таланттуу актерубуз Атай Өмүрбековго “Ала Тоо мырзасы” төш белгисин ыйгарышты.

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо айымы” коомдук фонду өнөр адамдарына, чыгармачыл чөйрөдө иштегендерге сыйлыктарды тапшырып келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!