Ханзада Гарри тоюна үч миңдей конок чакырды

Ханзада Гарри тоюна үч миңдей конок чакырды
3-Март 2018, Ишемби, 14:16

Уэльстин ханзадасы Гарри жана америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-май айында Виндзор сарайында өтөт.

Чакырылгандар Виндзор сарайынын аймагынан жаш жубайларды жана конокторду көрө алышат. Ошондой эле той ээлери сарайдан чыгып кеткендерине күбө болушат.

"Ханзада Гарри жана Меган айым алардын үйлөнү тоюн коомчулук менен бирге тең бөлүшкүлөрү келет", - деп айтылат Кенсингтон сарайынын маалымат кызматы тараткан кабарда.

Чакырылгандардын арасында Улуу Британиянын бардык аймактарынан 1 200 адам болот. Алар Британиянын жер-жерлердеги лорд, губернаторлор, британдык монархтын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Ошондой эле, тойго ханзада менен анын жубайына байланыштуу ар түрдүү кайрымдуулук уюмдарынан 200 адам келет. Дагы 100 киши виндзордун эки мектептеринен да чакырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!