Мыкты актрисанын "Оскарын" уурдап кетишти

Мыкты актрисанын
7-Март 2018, Шаршемби, 12:01

"Три билборды на границе Эббинг, Миссури" фильми үчүн алган “Мыкты актриса” наамынын ээси, актриса Фрэнсис МакДормандын “Оскар" статуеткасын уурдап кетишкен.

Белгилүү болгондой, окуя салтанат бүткөндөн кийин кечки иш-чарада болгон. Актриса башка коноктор менен сүйлөшүп жаткан маалда статуетканы коюп койгон. Бул учурда белгисиз бир адам сыйлыкты алып качып кеткен.

Бирок, актриса үчүн баары жакшы аяктаган. “The New York Times” газетасынын кабарчысы Кара Бакли Твиттердеги баракчасына ууруну фотографтардын бириси токтотконун жазган. Ал ууру элдин арасынан жоголуп кетерден мурда “Оскарды” тартып алган. Статуэтка актрисага кайтарылган жана МакДорман ууруну коё берүүсүн өтүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!