​Бир күндө 3 жолу концерт берген ырчы ооруканага жатты

​Бир күндө 3 жолу концерт берген ырчы ооруканага жатты
16-Март 2018, Жума, 20:46

Бир күндө үч жолу концерт берген казакстандык ырчы Секен Майгазиев ооруканага түштү.

Ооруканага жатканына байланыштуу ырчы Америкада өтө турган концертти башка күнгө жылдырылды.

“Кымбаттуу достор өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 7-март күнү Секен Майгазиевдин жеке чыгармачылык концерти жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бир күндө 3 жолу концерт коюу казак сахнасында алгачкы жолу болду. Көп адамдар таң калып жатышат”,-деди ырчынын продюсери, шомен Руслан Ыскаков.

Ырчы Алматыдан кийин АКШга аттанмак болгон, өзүн жаман сезген соң ооруканага жеткирилген. Учурда дарыланууда.

Майгазиев кыргыз элине да таанымал ырчынын бири. Анткени Чубак Сатаевдин ырларын казак тилине которуп ырдап чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!