​Месси трибунадан ызаланып качты (фото)

​Месси трибунадан ызаланып качты (фото)
28-Март 2018, Шаршемби, 13:16

Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси “Аргентина-Испания” жолдоштук футбол беттешүүсүндө Испаниянын 6-голунан кийин ордунан тура качты. Месси бул матчка катышкан жок. Жолдоштук футбол оюну (6:1) эсебинде Испаниянын жеңиши менен аяктаган.

«Спорт-Экспресс» басылмасынын маалыматына караганда атактуу футболчу машыгуу учурунда тизеден ылдый тарамыштарынан бир аз жарат алып, бул беттешүүгө катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган. Ошондуктан ал футбол оюнун стадиондун трибунасындан көрүп жаткан. Бирок, Испания 6-голун киргизгенде жаны кашайган футболчу ордунан тура качкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!