Футбол чемпионатына байкот күч алууда

Футбол чемпионатына байкот күч алууда
29-Март 2018, Бейшемби, 03:04

Орусияда өтө турган футбол чемпионатын байкот кылууга Улуу Британиядан кийин Польша, Исландия, Дания, Швеция, Австралия жана Жапония кошулгандыгын “The Sun” гезитине таянып, орус басма сөздөрү жазып чыкты. Британдыктарды колдоону дагы бир канча өлкөлөр билдирүүсү күтүлүүдө.

Өткөн жумада Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте сүйлөп жатып, Британиянын падышалык үй-бүлөсү менен өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка барбай турганын кабарлаган. Ага мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлиянын уулангандыгы себепчи болгон.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!