​Неймар кайрадан футбол ойнойт

​Неймар кайрадан футбол ойнойт
29-Март 2018, Бейшемби, 11:19

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймардын кайрадан футбол талаасына чыгаары белгилүү болду. Футбол жылдызы Неймар апрель айынын аягында Франция кубогу матчына катыша тургандыгын “Евроспорт” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык Неймар “ПСЖ” клубуна 8- майда өтө турган Франция кубогу финалында жардам берет. Бирок ага чейин Унаи Эмери командасынын ага жакындоосу күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, бутунун оң кызыл ашыгы чоюлуп,Бразилияда операция жасаткан.Мурда футболчунун калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылган эле.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!