​Президенттин уулу АКШ курама командасына кирди

​Президенттин уулу АКШ курама командасына кирди
29-Март 2018, Бейшемби, 12:44

АКШнын футбол боюнча курама командасы Парагвай менен болгон жолдоштук беттешүүсүндө 1:0 эсебинде жеңип алды. Бирок футбол сүйүүчүлөрүнүн көздөрү АКШ курама командасында биринчи жолу кошулган Либерия президенттинин уулу Тимоти Веада болгондугун батыштын басылмалары жазып чыкты. Маалыматка ылайык 18 жаштагы француздардын "Пари Сен-Жермен" командасынын жарым коргоочусуТимоти Веа атактуу футболчу, учурдагы Либериянын президенти Джордж Веанын уулу.

Виа – кичүүсү мачтын 86 мүнөтүндө оюнга кошулган.Тимоти 2000-жылы Нью-Йоркто төрөлгөн жана АКШнын жараны болуп саналат. Ал эми АКШ - Парагвай жолдоштук беттешүүсү расмий болбогондуктан Виа Либерия курама командасында ойной ала тургандыгы айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек Джордж Веа – 1980-жылдары баштап,2000-жылга чейин Европа футбол тарыхындагы мыкты чабуулчу болгон. Ал 1995-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ошол учурда Европада ойногон футболчуларга берилчү “Алтын топ” сыйлыгын алган. Джордж Веа ушуга чейин бул сыйлыкка татыган африкалык жападан жалгыз футболчу бойдон калууда. Веа мыкты чабуулчу катары «Монако» (1988-1992), «Пари Сен-Жермен» (1992-1995) жана «Милан» (1995-1999) футбол клубдарында эстен кеткис из калтырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!