​ФИФА чемпионат алдында Орусияга иш козгоду

​ФИФА чемпионат алдында Орусияга иш козгоду
30-Март 2018, Жума, 09:58

Эл аралык футбол федерациясы(ФИФА) Орусия - Франция жолдоштук матчындагы расизм окуясын изилдей баштады. Бул тууралуу "Интерфакс" агентчилиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык“Санкт-Петербург” стадионунда өткөн мелдеште француздардын бир канча ынды кара футболчуларга көрүүчүлөр тарабынан шалдыңдаган чакырыктарайтылганы белгиленди.

Учурда ФИФА матч тууралуу ар кандай отчетторду жана ишенимдүү далилдерди “Футбол Европадагы расизмге каршы” уюмунун өкүлдөрү менен бирликте топтоп жатышат. Ал эми ФИФАнын басма сөз кызматы азырынча топтолгон маалыматтарга баа бериле электигин жана бул тууралуу пикир ачыкталбай тургандыгын жазып чыкты.

Мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында 27-мартта болгон футбол оюнунда Франция курама командасынын футболчулары Поль Погба жана Усман Дембелеге карата расисттик кыйкырыктар айтылгандыгы кабарланган болчу.

Ал эми Франциянын спорт министри Лора Флессель дүйнө футбол чемпионаты алдында мындай осол аракеттердин туура эместигин жана расистикке каршыкатуу иш-чаралар көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!