Роналдунун бюсту кайрадан жасалды

Роналдунун бюсту кайрадан жасалды
30-Март 2018, Жума, 11:29

«Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун бюсту кайрадан жасалды. Бул тууралуу скультор Мануэл Сантуш өзү баракчасына билдиргенин «Спорт-Экспресс» басылмасы жазып чыкты. Айкелчинин биринчи жасаган бюстунун былтыр ачылышы болуп, катуу талкууда калган. Футболчунун айкели социалдык тармактарга чыккандан кийин көптөр аны Роналдуга окшошпой калгандыгын сынга алышкан.

Скульптор Эмануэль Сантош “-Мен бюсту кайрадан жасадым, Баардыгына мен башкача экендигими, таланттымы көргөзгүм келди.Бирок мага биринчи варианты жагат, эгерде кайрадан жаса десе, мурдагыдай эле жасамакмын” деп билдирди.

Былтыркы жылы жергиликтүү аэропортко «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун ысымы ыйгарылып анда футболчунун бюсту орнотулган. Бирокатактуу футболчунун бюсту футбол күйөрмандары арасында кызуу талкууларды жаратып, сын айткандардын айынан алынып салынган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!