Футбол чемпионатынын калыстары аныкталды

Футбол чемпионатынын калыстары аныкталды
30-Март 2018, Жума, 14:06

Эл аралык футбол федерациясы(ФИФА) Орусияда өтө турган футбол чемпионатын тейлей турган калыстардын тизмесин жарыялады. Спорт уюму быйылкы дүйнө чемпионатында 36 башкы калыс жана алардын 63 жардамчылары кирди. Алар 46 өлкөдөн тандалды.

2018-жылкы дүйнө чемпионатында калыстар ар кандай позицияда иштешет. Алар башка калыстар, лайнсмендер, резервдеги калыстаржана VAR системасында кызмат көрсөтүшөт.

Быйылкы калыстар тобунда 1938-жылдан бери биринчи жолу британиялык калыстар кирбей калды. Бул өлкөнүн 2017-жылдагы калысы Марк Клаттенбург катышкан бирок Эл аралык футбол федерациясы(ФИФА) аны алмыштырууну суранышкан.

Апрелдин жарымында калыстарга эки жумалык окуу башталат. Алар быйылкы жылы киргизилип жаткан VAR системасынын видео- ассистенттигин үйрөнүшөт. Бул семинардын жыйынтыгында VAR системасында иштей турган калыстар аныкталат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!