УЕФАдан жаза:10 жылга четтетилди

УЕФАдан жаза:10 жылга четтетилди
31-Март 2018, Ишемби, 01:44

Европанын футбол асссоциациялары бирлиги (УЕФА) Европа Лигине кирген клубдарга тарыхый жаза кабыл алды. Бул ирет катуу санкция албаниялык «Скендербеу» клубуна берилди. Алар футбол беттешүүлөрүн алдын-ала сүйлөшүп алгандыгы үчүн 10 жыл боюу эч бир Европа мачтарына катышпайт. Мындан тышкары 1 миллион евро айып пул төлөмөкчү. Футбол клубу соңку ирет Европа лигасында Киевдин “Динамо” командасы менен ойногон.

«Скендербеу» клубу 2015/16 сезонундагы матчтарды алдыга чыгып, Албания чемпиондугун жеңип алышкан. Кийин текшерүүдөн кийин 50 жакын оюндарда сүйлөшүүлөр аркылуу жеңишке жетишкендиги айтылууда.

Учурда футбол клубу бардык наамдарынан ажыратылып, 10 жыл бою эч бир Европа мачтарына катышпай турган болду.

Европанын футбол ассоциациялары бирлигинин (УЕФА) бул жазасы абдан катуу болгондугун айтылууда. Албаниялык клуб болсо бул айыптоолорго каршы Эл аралык спорт сотуна (CAS) доо арыз жазышмай болушууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!