​Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши болбойт

​Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши болбойт
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:14

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен беттешүүсү төртүнчү ирет болбой калды. Бул тууралуу UFCнын жетекчиси Дана Уайт инстаграм баракчасында билдирди.

Дана Уайт “Тони ринге чыкпайт. Ал бутунан жаракат алды. Бирок жакшы кабарым бар. ИшембидеХабиб Нурмагомедов рингде Макс Холлоуэ менен UFCнын жеңил салмактагы чемпиондук титул үчүн күрөшөт” деп билдирген. Ал эми жеңил салмактагы мурдагы чемпион ирландиялык мушкер Конор Макгрегор 2016-жылдын UFC титулун жеңип алгандан бери ММА беттештерине чыкпай койгондугу үчүн чемпион наамынан ажыратылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!