Месси бир айлык уулун көрсөттү

Месси бир айлык уулун көрсөттү
3-Апр. 2018, Шейшемби, 12:11

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси бир айлык уулун көрсөттү. Бул тууралуу атактуу футболчу Instagram баракчасына бөлүштү.

Анда Месси үй-бүлөлүк сүрөттөрүн жарыялаган. Бул сүрөттөрдөн 10-мартта төрөлгөн кичүү уулун да көрүүгө болот. Ысымын Чиро коюшкан.

Лионель Месси жана Антонелла Рокуццонун тун уулу Маттео 2012-жылы төрөлгөн. Ал эми экинчи уулу Тиаго 2015-жылы жарык дүйнөгө келген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл бою удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!