СССРде бул спортко катышкандар камалчу

СССРде бул спортко катышкандар камалчу
4-Апр. 2018, Шаршемби, 13:30

Советтер Союзундакайсы спорттун түрлөрү тыюу салынган. Бул тууралуу eg.ru сайты жазып чыккан. Чындыгында СССРде спорт пропаганда, үгүт жүргүзүүнүн куралы катары колдонулган. Ошондуктан кандайдыр бир партиянын идеологиясына туура келбеген спорттүн түрлөрү жабылып, мамлекеттик деңгээлде тыюу салынган.

Каратэ

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдар каратэ батышта катуу жанданып, каратэчилерди олимпиадаларга чакырып, Голливуд кино тарта баштаган. Ал эми Жапониянын спортчуларын СССРге чакырыла баштаган. Ал гана эмес 1978-жылы СССРдин каратэ федерациясы түзүлгөн болчу. Бул спорттун түрүнө кызыккандар күчөп, катуу жаңырык болгондугу советтик бийликти түйшүккө салган. Ошентип,1981-жылы “Мыйзамсыз каратэ үйрөтүү” беренеси кылмыш ишине киргизилип, каратэ менен машыккандар эркинен ажыратылган. Бул тыюу салуу 1986-жылга чейин улантылган.

Бейсбол

СССРде бейсболдун келишинин тарыхы 1030-жылдарга барып таянат. Бул тууралуу кененирээк англиялык журналист Тим Цулиадис “Сталиндик Россиядагы Американын трагедиясы” деген китепте жазып чыккан. Анда 30- жылдарыАмерикадагы Улуу депрессия башталып,АКШдан СССРгеиштегени көптөгөн адистер келген. Алар өздөрү менен кошо улуттук оюну – бейсболду ала келишкен. Бул оюн ыкчам эле парктарда ойнолуп, катуу жайылып кеткен. Анткени орустардын бала кездеги ойногон лапта оюнуна окшош болгон. Анда футболду таяк менен ойношот. Ал гана эмес 1934-жылы«Красный спорт» гезитиМоскванын дене тарбия институту бейсбол курстарын ачкандыгын жарыя кылган.“Спартак” стадионунда болсо чакан бейсболдук аянтча ачылган.

Адегенде бийлик миграттардын мындай демилгелерин колдогон бирок баары кийин башталган. Сталиндик режим башталганда бейсболчудар баары камалып, бул оюнга катуу тыюу салынган.

Бодибилдинг

Бодибилдинг СССРде 1960-жылдары бум жараткан. Адегендебодибилдинг сөзүнү көп колдонушпай“культуризм” же «атлетикалыкгимнастика» деп башташкан. Евгений Колтун – СССРден чыккан алгачкы атлет, ал70 жылдары “Muscle & Fitness” журналына чыккан. 70-жылдардын башында биринчи жолу культуризм боюнча чемпионат уюштурулган. Анда СССРдин спортчулары булчуңдары менен гана мактанбай 50 метр суудан 45 секундда сүзүп өтүүсү керек болчу.

Бирок бул эки спортук иш-чаралардан кийин бийлик бул спорт жаштарга терс таасири берүүдө дегендей жыйынтыкка келишкен. Ошентип 1973-жылы культуризм расмий түрдө жабылган жана спорттун бул түрү менен машыккандары оор атлетика өтүүсүнө сунуш кылынган.

Тыюу салынгандан кийин бодибилдинг менен машыгуу тескеринче күчөгөн. Үйлөрдүн жер төлөлөрүндө колго жасалган машыгуучу шаймандар жасалган. Бул системанын биринчи курманы СССРдин культуризм боюнча чемпиону Владимир Хомулев болгон. Аны бул спорттун түрүн жайылгандыгы үчүн атайын берене болбогондуктан “зордуктоо” айыбы менен түрмөгө камашкан.

Ал эми кайра куруу келгенде гана бул спорт ачыкка чыгып, жыйылтылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!