​Олимпиада чемпиону акыры агынан жарылды

​Олимпиада чемпиону акыры агынан жарылды
5-Апр. 2018, Бейшемби, 11:23

Пхенчхан- 2018 Олимпиадасынын көркөм муз тебүү боюнча чемпиону Алина Загитова агынан жарылды. 15 жаштагы олимпиада чемпиону акыркы учурларда Орусиянын басма сөздөрүнө чыккан жеке турмушу тууралуу маалыматтарга чекит койду. Бул тууралуу «Газета.Ру»жазып чыкты.

Чемпион жеке жашоосу жана жакшы көргөн жигити тууралуу мындай деди: “Жок,Чындыгында бул тууралуу ойлоно элекмин. Биринчиден азырынча мен кичинекеймин. Экинчиден, бул жөнүндө спорттон кийин гана ойлонууга болот. Азыр дос катары гана сүйлөшүүгө мүмкүн андан ашык эмес”.

Мындан мурун Орусиянын жалпыга маалымддоо каражаттары Алина Загитовахоккейчи Кирилл Капризов менен ашыктык мамиле болгондугун байма-бай жазып келишкен. Ал гана эмес бул тууралуу машыктыруучу Этери Тутберидзени суроолор жана эскертүүлөр менен жадатып жиберишкен эле. Журналистер Загитова хоккейчи менен Олимпиада кыштагында жакын болушкандыгын жана экөө Түштүк Кореядан учакта чогуу отуруп, баарлашып келакандыгын чагылдырышкан болчу.

Эсиңиздерге сала кетсек, Орусия жана Европанын көркөм муз тебүү боюнча чемпиону Алина Загитова Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада айымдардын командалык мелдеши алкагындагы программасы 158,08 упай топтоп, биринчиликти камсыз кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!